2026-жылдын сентябрь айынан тартып Жалал-Абад эл аралык университетинин стратегиялык өнүктүрүү жана сапат менеджменти боюнча проректору кызматын аркалап келет.
1999-жылы Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетин «Дарылоо иши» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. 2006-жылы медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын, ал эми 2010-жылы доцент илимий наамын алган.
Жогорку медициналык билим берүү системасында көп жылдык илимий-педагогикалык жана административдик иш тажрыйбасына ээ. Ар кайсы жылдары кафедра башчысы, декандын орун басары, декандын милдетин аткаруучу жана окуу жана илимий иштер боюнча проректор кызматтарын аркалаган.
Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо, жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоо, билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана билим берүү процесстерин башкаруу жаатында олуттуу тажрыйбага ээ. Эл аралык стандартташтыруу уюмунун (ISO) ISO 9001:2015 жана ISO 21001:2018 стандарттары боюнча сапат менеджменти жаатында кесиптик даярдыктан өткөн.
300дөн ашуун илимий, окуу жана окуу-методикалык эмгектердин автору, анын ичинде Scopus жана Web of Science эл аралык илимий маалымат базаларында индекстелген эмгектери бар. Илимий жана редакциялык кеңештердин ишине, ошондой эле эл аралык илимий-билим берүү кызматташтыгына катышат.
Байланыш маалыматыЭлектрондук почта: 2sksh@list.ru