Административдик-чарбалык бөлүм
Жалал-Абад эл аралык университетинин административдик-чарбалык бөлүмү (АЧБ) университеттин чарбалык ишмердүүлүгүн уюштурууну жана координациялоону, материалдык-техникалык базасын сактоону жана өнүктүрүүнү, ошондой эле билим берүү, илимий жана административдик ишмердүүлүк үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
АЧБнын ишмердүүлүгү материалдык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, университеттин инфраструктурасын талаптагыдай күтүүгө жана тейлөө кызматтарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган.